Биз менен байланышыңыз

Казакбаев менен Лавров бүгүн Москвада жолугат

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 427 | 0

Бүгүн, 23-октябрда Москвада Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат.

Орусиялык басылмалардын маалыматында, жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен уюштурулууда. Бул иш сапар Кыргызстандын жаңы дайындалган ТИМнин чет өлкөгө алгачкы визити болуп саналат.

Кыргызстан менен Орусиянын Тышкы иштер министрлери бүгүнкү жолугушууда эки тараптуу кызматташтык тууралуу пикир алышмакчы. Андан кийин, Москва сааты боюнча 13:00дө биргелешкен маалымат жыйын берери күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM