Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айдарбеков өзүнүн жаңы кызматы тууралуу пикирин билдирди

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 1038 | 0

Кечээ, 22-октябрда президенттин кеңешчиси болуп дайындалган мурунку Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жаңы кызматы тууралуу Фейсбук баракчасына жазды.

Айдарбеков элдин ага көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кадамдары Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүгө арналарын маалымдады.

«Мен тышкы саясаттагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана союздаштарыбыз, өнөктөштөрүбүз менен ишенимдүү мамилелерди калыбына келтирүүгө басым жасоону пландап жатам. Биз дээрлик 30 жылдан бери көз карандысыз мамлекетте жашап келе жатабыз, арада таланттуу, шыктуу, акылдуу, келечектүү жаштардын бүтүндөй мууну өсүп чыкты. Эртең эмес, эл бүгүн жакшы жакка өзгөрүүлөрдү күтүп жатат».

Ошондой эле ал калктан өлкөнү өнүктүрүү үчүн сунуш берүүнү өтүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM