Биз менен байланышыңыз

Мугалимдердин отчеттук документтерин кыскартуу боюнча жумушчу топ түзүлдү

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 427 | 0

«Мугалимдердин укуктары жана милдеттери жөнүндө» Билим берүү мыйзамынын 29-беренесине ылайык, жалпы билим берүү мекемелеринде эмгектенген  мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүнө шарт түзүү максатында жумушчу топ түзүлдү.

Жумушчу топ мугалимдердин окутуу жана тарбиялоо ишмердүүлүгү боюнча милдеттүү отчеттордун тизмесин 2020-жылдын 10-ноябрына чейин иштеп чыгат.

Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү боюнча башкармалык жогорудагы иштелип чыккан тизмени министрликтин буйругу менен бекитип, облустук усулдук борборлордун, институттардын жетекчилерине, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына жеткирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM