Биз менен байланышыңыз

Путин: Кыргызстандын ички маселелерине кийлигишпейбиз

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 473 | 0

Орусия Кыргызстандагы окуяларга тынчсызданат, бирок кеңеш же багыт берип, ички ишине кийлигишпейт. Ошондой эле өлкөдөгү айрым саясий күчтөрдү да колдобойт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин «Валдай» эл аралык дискуссия клубунун 17-жыйынында сүйлөп жатып айтканын «РИА Новости» жазды.

«Албетте, болуп жаткан окуяларга тынчсызданбай коё албайбыз. Бирок биз аралашпайбыз. Айрым жеке саясий күчтөрдү да колдобойбуз. Кыргызстанда баары өз нугуна түшүп, өлкө өнүгөт жана биз мыкты мамилелерди сактап калабыз деп терең ишенем», — деди Путин.

Владимир Путин Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды кыргыз элине түшкөн мүшкүл деп атады.

Copyright © 2017 Maral FM