Connect with us

Садыр Жапаров шайлоо жөнүндө мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 23 Окт 2020 | 1166 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу боюнча мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2020-жылдын 22-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды.

Бул конституциялык мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгы бир катар жагдайлар, ошондой эле өлкөдөгү түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал менен шартталган.

Мыйзам менен шайлоо жөнүндө мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган. Анда конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону токтото туруу тартиби киргизилген.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мөөнөтү конституциялык реформа өткөрүлгөндөн кийин мыйзамдарга ылайык, 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп каралган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

Жогорку Кеңеш 22-октябрда парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга макулдук берди. Депутаттар «КР президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу боюнча конституциялык мыйзам долбоорун үч окууда карап, жактырды.

21-октябрь күнү БШК парламенттик шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM