Биз менен байланышыңыз

Жапаров: «Манас» аэропортунун жаңы жетекчиси кызматтан кетет

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 572 | 0

«Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын төрагасы болуп дайындалган Бактыбек Сыдыков кызматтан кетет. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде билдирди.

Жапаров ал кадрды өзү эмес, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду дайындаганын, аны алмаштырууну сунуштаганын айтты.

«Биз жаштарды алып келели, мурункулар кетип туруңуздар деп айттым. Ал дагы эртең кете турган болду. Биз эл нааразы болгон талапкерлерди кызматка койгон жокпуз. Мен дайындап жаткан айрым кадрларга да нааразылыктар болду. Бирок элди экиге бөлүп, кандайдыр бир кагылышууга алып барган кадрларды алмаштырдык. Мисалы, Жалал-Абад облусунун башчысын алып, ордуна жаш баланы койдук», — деди Жапаров.

Бактыбек Сыдыков 21-октябрда «Манас» эл аралык аэропортунун президенти болуп дайындалган. Ал Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты.

Бүгүн, 22-октябрда дайындалган жетекчинин иштен кетишин талап кылган митинг өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM