Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну колдоду

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 447 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери боюнча комитети парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

Эми аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жыйынында каралат.

Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатканын бүгүн жыйын алдында депутат Талант Мамытов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, «Шайлоо тууралуу мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтотуу жөнүндө» документ сунушталууда. Ага ылайык, буга чейин белгиленген парламенттик шайлоонун мөөнөтү жаз айларына жылдырылышы мүмкүн. Ага чейин Конституцияга айрым өзгөртүүлөр киргизилет.

Талант Мамытов Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси талкууга коюларын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM