Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоону жазга жылдыруу сунушталды

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 1272 | 0

Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоору сунушталып жатат. Бул тууралуу депутат Талант Мамытов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, «Шайлоо тууралуу мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтотуу жөнүндө» документ сунушталууда. Ага ылайык, буга чейин белгиленген парламенттик шайлоонун мөөнөтү жаз айларына жылдырылышы мүмкүн. Ага чейин Конституцияга айрым өзгөртүүлөр киргизилет.

Талант Мамытов Конституцияга өзгөртүү киргизүү талкууга коюларын кошумчалады.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери: Алтынбек Сулайманов, Өмүрбек Текебаев, Жыргалбек Турускулов баштаган депутаттар тобу.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, президенттик шайлоо автоматтык түрдө белгиленип калды. Ал 10-17-январга коюлат. Ал үчүн БШК президенттикке талапкерлерди каттоо, кайсы күнү добуш берүү керектигин бүгүн аныкташы зарыл. Бул процессти мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен гана жылдырса болот.

«Бизге өкмөттөн, парламенттеги кээ бир фракциялардан сунуштар түштү. Өлкөдө саясий стабилдүүлүк орной элек. Бюджеттин дефицити абдан чоң, пандемиянын экинчи толкуну келип отурат. Мындай шартта эки шайлоо процессин өткөрүү оор болот. Билесиңер, ар бирине 500 млн сом акча кетет. Эң негизгиси, эл шайлоонун жыйынтыгына нааразы болду, кээ бир жоболорго нааразылыктар бар, аны өзгөртүү керек. Ушул жагдайларды эске алып, парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жазга чейин жылдырып, Конституциянын кээ бир ченемдерин өзгөртөлү деген сунуш түштү», — дейт Текебаев.

Эл өкүлү бул сунушту бир шарт менен колдогонун айтты:

«Бүгүнкү парламенттик башкаруу системасы сакталат, өкмөттүн ыйгарым укуктары күчөтүлөт, президент өзүнүн ыйгарым укуктарын жоготуп, аксакалга айланат. Президентти түз эмес, коллегия шайлайт деген принциптер болсо, мен колдойм дедим. Эл бул позицияларды колдобосо, мен да анда мыйзамга каршы добуш берем».

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM