Биз менен байланышыңыз

Бактыгүл Жээнбаева суракка чакырылды

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 301 | 0

Мурдагы Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жана министрликтин эки кызматкери суракка чакыртылды. Бул маалыматты Финансы полициясы тастыктады.

Бактыгүл Жээнбаева жана эки кызматкер Соттук өкүлчүлүк борборундагы каражаттардын максатсыз пайдаланылышына байланыштуу жүрүп жаткан сотко чейинки өндүрүш алкагында суракка алынары кабарланды.

Бактыгүл Жээнбаева Финансы министрлигин 2018-жылдын декабрынан 2020-жылдын октябрына чейин башкарды.

Азыр Финансы министрлигин Кыялбек Мукашев жетектейт. Аны 2020-жылдын 12-октябрында президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров дайындаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM