Биз менен байланышыңыз

УКМК Көлбаевдин кайсы иш боюнча кармалганын түшүндүрдү

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 3390 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбеков) кайсы иш боюнча кармалганын түшүндүрдү.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө кримтөбөл Көлбаевге байланыштуу маалыматтар алынган.

Ага карата Жазык кодексинин 249-беренеси («Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу») боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда сотко чейин өндүрүш иштери башталды.

Бүгүн, 22-октябрда Бишкекте Көлбаевдин турган жери аныкталып, тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн аны УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына алып келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM