Биз менен байланышыңыз

Көркөм сүрөт музейи күзгү көргөзмөсүн баштайт

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 386 | 0

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 2020-жылдын күзгү көргөзмө сезону эртең, 23-октябрда ачылат. Бул тууралуу аталган музейдин маркетинг бөлүмүнүн башчысы Марал Эсенгелдиева кабарлады.

Көргөзмөнүн ачылышына Тургунбай Садыков атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт академиясынын бүтүрүүчүлөрү, жаш сүрөтчүлөр Мирлан Мамытов жана Айбек Шамшиевдин эмгектери коюлат. 

«Сиздерди күн сайын 11:00дон 18:00 чейин күтөбүз (билеттерди 17:30 чейин сатып алууга болот). Жума күндөрү: 11:00 — 17:00 Дүйшөмбү жана айдын акыркы жума күнү иштебейбиз«, — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM