Биз менен байланышыңыз

БШК мүчөлөрүнө болгон коркутуу: Акыйкатчы билдирүү таратты

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 344 | 0

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Борбордук шайлоо комиссиясындагы окуяга байланыштуу билдирүү таратып, укук коргоо органдарын мыйзам чегинен чыкпоого жана ыйгарым укуктарынан аша чаап кетпөөгө чакырды.

21-октябрда Боршайкомго Ички иштер кызматкерлеринин бирөөсү келип, тергөөчү Аданбеков кол койгон билдирмени көрсөтүп, БШКнын бардык мүчөлөрү 5-6-октябрдагы башаламандыктар боюнча суракка чакырыларын айткан.

БШК мүчөлөрү мындай талаптан баш тарткан учурда, ал милиция нарядынын коштоосунда мажбурлап алып кетүү менен коркуткан.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, Боршайком конституциялык орган, анын ишмердиги тууралуу Конституциясынын 106-беренесинде жазылган. 109-беренесинде уюштурулушу жана иштөө тартиби, ошондой эле алардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери мыйзамдар менен аныкталат.

«Ошондуктан бул жерде укук коргоо органдарынын жетекчилиги же кызматкерлери өзү каалагандай аракеттенүүсүнө жол берилбейт», — деп белгилейт акыйкатчы.

Шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө карата жазык иши Башкы прокурор тарабынан гана козголушу мүмкүн.

Акыйкатчы Токон Мамытовдун пикиринде, бул жагдайдын ИИМ тарабынан териштирилиши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө болушу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM