Биз менен байланышыңыз

Парламент шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү экинчи окууда карайт

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 364 | 0

Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтөт. Парламенттин расмий сайтындагы маалымат боюнча, күн тартибинде шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланат.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууга киргизилет.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери — депутаттар Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев, Мирлан Жеенчороев, Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашова.

Демилгечилер мыйзамга негизги 3 өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Алар — шайлоо босогосун 7%дан 3%га түшүрүү,  форма-2 менен арыз берип, каттоого турууга чектөө киргизүү жана шайлоо күрөөсүн 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүү.

21-октябрдагы жыйында мыйзам долбоорунун концепциясына ачык добуш берүү болуп, биринчи окууда 83 депутат колдоду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM