Биз менен байланышыңыз

Инвестицияларды коргоо агенттигинин директору алмашты

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 319 | 0
Шумкарбек Адилбек уулу БАЭдеги ири компаниялардын жана ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушууда

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу берген арызына ылайык кызмат ордунан бошотулду. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койду.

Дагы бир буйрукка ылайык, аталган агенттиктин жетекчилигине Данияр Акматов дайындалды.

Шумкарбек Адилбек уулу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигин 2018-жылдан бери жетектеп келди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM