Биз менен байланышыңыз

Англис тилинде талкуу өткөргөн Билим берүү министри (видео)

Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 7902 | 1

Билим берүү жана илим министри кызматына жаңы дайындалган Алмазбек Бейшеналиев IFC — эл аралык каржылык корпорациясынын өкүлдөрү менен онлайн талкуу өткөрдү. Төмөндөгү видеодо Бейшеналиев талкуунун катышуучулары менен англис тилинде сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот.

Алмазбек Бейшеналиев президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

Бейшеналиев 39 жашта. Ал Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинде англис тили жана адабияты боюнча билим алган;

Германия, Людвигсбург, PH-Ludwigsburg педагогикалык университетинде магистрлик даража ыйгарылган (Дидактика жана англис тили);

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде аспирантураны аяктаган. Педагогика илиминин кандидаты даражасы ыйгарылган;

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, докторантурада окуган.

Эмгек жолу:

Жаш ишкерлер ассоциациясынын президенти, башкармалыктын төрагасы;

Эл аралык Ала-Тоо университети, эл аралык мамилелер факультетинде окутуучу;

Варшавадагы (Польша) Вистула университетинде (Vistula University in Warsaw, Poland) проректор, чет тилдер институтунун директору;

Түндүк Айова университети (University of Northern Iowa) (Сидер Фоллс, Айова, АКШ) илимий изилдөө боюнча чакыртылган профессор;

Жонс Хопкинс университетинде (Johns Hopkins University) (Балтимор, Мериленд, АКШ) докторантура жогорку кызматы;

Эл аралык Ала-Тоо университетинде илим жана сырткы байланыш боюнча проректор;

Жонс Хопкинс университетинде (Johns Hopkins University), (SAIS) (Вашингтон, АКШ) илимий изилдөө жана окутуу боюнча чакыртылган профессор;

Өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

Борбордук Азия регионалдык институтунун директору болгон.

Кыргыз, орус, немис, англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

1 пикир

1 пикир

  1. Айганыш

    22.10.2020 21:45

    Эмгек жолу эн жакшы экен.Жакшы иштейт деген жогорку умуттобуз.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM