Биз менен байланышыңыз

Кытай менен Өзбекстандын ортосунда жүк ташуучу поезд каттамы ачылды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 281 | 0

Кытай менен Өзбекстандын ортосунда жүк ташуучу поезд каттамы ачылды. Бул тууралуу өзбекстандык «Дунё» маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, 25-октябрда Хэбэй-Гаой-Хоргос-Ташкент багытындагы алгачкы эл аралык каттамдагы жүк ташуучу поезд Өзбекстандын борборуна келиши күтүлүүдө. Басылма Yibo корпорациясынын маалыматына шилтеме берип, анда 12-октябрда саат 21: 00дө Хэбэйден эл аралык жүк ташуучу поезд жөнөп кеткенин билдирген. Поезд чек ара аркылуу казак-кытай чек арасындагы Хоргос өткөрүү пунктунан өтүп, Ташкентке чейин барат.

50 вагондон турган поезд дары-дармектерди, велосипеддерди, авто тетиктерди, өнөр жай жабдуулары үчүн бөлүктөрдү жана башка товарларды ташыйт. Поезд Ташкентке 12 күндө келип калышы керек.

Жогоруда айтылган үзгүлтүксүз каттамдар башталгандан кийин, Шицзячжуандан айына кеминде 12 туруктуу поезд Кытай-Европа (Борбор Азия) багыты боюнча каттап, ар бир каттамга кеминде 4 поезд берилет. Бул Хэбэйдин жүк ташуу мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүүгө жана Европа менен Азияга Хэбэйде жасалган товарларды жеткирүүнү көбөйтүүгө жардам берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM