Connect with us

Депутаттар башкы прокурордун отставкасын бир добуштан колдоду

Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 411 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу чечимин бир добуштан колдоду. Бул маселе бүгүн жалпы жыйында талкууланды.

Депутат Талант Мамытов жыйын алдында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевдин талапкерлиги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тарабынан сунушталганын билдирген.

Курманкул Зулушев өзү бул боюнча журналисттерге комментарий берип, башпрокурорлукка барууга оозеки түрдө сунуш алганын айтты.

Буга чейин башкы прокурор кызмат ордуна депутат Талант Мамытов барары айтылып жаткан.

Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын 26-апрелинде Кыргызстандын Башкы прокурору болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM