Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: Аскарбек Шадиевдин иши сотко өттү

Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 633 | 0

Башкы прокуратура Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен мурунку вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге карата козголгон кылмыш ишинин материалдарын сотко өткөрүп берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Башкы көзөмөл органы Атамбаев менен Шадиевге карата коррупция, мыйзамсыз баюу, кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча ачылган иштерди тергеп бүттү.

Маалыматка караганда, Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупциялык иштерде мамлекетти 5 млрд 439 млн  527 миң 482 сом зыянга учураткан;

-225 миллон сом өлчөмүндөгү кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана 323 млн 704 миң  287 сомго кыймылдуу, кыймылсыз мүлк сатып алуу жолу менен мыйзамсыз баюу;

-Жалал-Абад облусундагы «Терек» сурьма кенинин «Южный» участогун, №17 блогун мыйзамсыз ээлеп алуу. Ал жакта сурьманын (7231 тонна), алтындын (265 килограмм) жана күмүштүн (4246 килограмм) жалпы 8 миллиард 255 миллион 146 миң сомдук запасы бар;

«Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев, Аскарбек Шадиевдин жана башка кызмат адамдарынын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында мамлекет өзгөчө ири өлчөмдө — 13 миллиард 694 млн 673 миң 937 сом өлчөмүндө зыянга учураган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө органдары тарабынан Атамбаевдин жана анын шериктештеринин башка мүлктөрүн табуу боюнча чаралар көрүлүп жатканы кабарланды.

Шадиевге карата «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы боюнча айыпталган.

Ошондой эле «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM