Биз менен байланышыңыз

Руслан Казакбаев Орусияга иш сапары менен барат

Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 340 | 0

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрда Орусияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Иш сапардын алкагында Казакбаев Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат. Анда кыргыз-орус кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелери талкууланат.

Жогорку Кеңештеги «Республика» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Садыр Жапаровдун буйругу менен 14-октябрда Тышкы иштер министри болуп дайындалган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM