Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Кыргызстанда орус тилинин макамы өзгөрбөйт

Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 1259 | 1

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстанда орус тили расмий тил боюнча каларын жана анын макамын өзгөртүү боюнча ой жок экенин билдирди. Ал бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушууда айтты.

Жапаров буга байланыштуу Кыргызстандын айылдарында жашаган жарандарга сабак берүү үчүн орус тили мугалимдеринин санын көбөйтүүнү өтүндү.

Тараптар 21-октябрдагы жолугушууда Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүү, үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү, социалдык-экономикалык абалды талкуулашты.

1 пикир

1 пикир

  1. Ашырбаева Айгул Кайыпбековна

    22.10.2020 23:08

    Урматтуу Садыр Жапаров!Эл учун керек болгон, орчундуу, жакшы маселени сунуш кылып жатыптырсыз. Ушул маселениз ишке ашсын!Мен ыраазычылык билдирем.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM