Биз менен байланышыңыз

АКШда президенттик шайлоого 35 млн адам алдын ала добуш берди

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 339 | 0

Ноябрга белгиленген АКШдагы президенттик шайлоого 35 миллион адам мөөнөтүнөн мурда добуш берди. Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын Шайлоо долбоору билдирди.

«Бүгүнкү күндө АКШда 35 540 036 адам мөөнөтүнөн мурда добуш берди. Техас эрте добуш берүүнүн лидери бойдон калууда (4 708 734), андан кийин Калифорния (3 989 304), Флорида (3 033 702) жана Түндүк Каролина (1 853 540)», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Талапкерлер республикачылдардан учурдагы президент Дональд Трамп жана демократтардан Джо Байден.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM