Биз менен байланышыңыз

Орусия: Мигранттардын жапырт кетүүсү тейлөө тармагын аксатууда

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 223 | 0

Орусияда мигранттардын өз үйлөрүнө жапырт кайтуусу курьерлердин жана таксисттердин жетишсиздигине алып келди. Бул тууралуу Орусиянын стратегиялык изилдөө борбору маалымдаган.

«Алардын жаңы изилдөөсүнө ылайык, адатта мигранттарды жалдаган компаниялардын 40%га жакыны жумушчу күчүнүн тартыштыгын сезүүдө. Бүгүнкү күндө курьер менен таксисттер жетишсиз болуп жатат», — деп жазат «Ведомость» басылмасы.

Компаниялардын 40%га жакыны мигранттарды жалдоонун негизги артыкчылыгы эмгек акыны үнөмдөө мүмкүнчүлүгү экендигин моюнга алышкан. Респонденттердин дагы 35%ы орусиялыктарга караганда мигранттар эффективдүү иштээрин айтышкан. Ар бир төртүнчү жумуш берүүчү белгилегендей, мигранттар өз ишине жоопкерчиликтүү болушат. Ошондой эле, компаниялардын 19%ы мигранттардын арасынан жумуштан бошотуу аз катталарын белгилеген.

Жумушка орноштуруучу Superjob.ru порталынын президенти Алексей Захаров «Ведомостко» берген интервьюсунда, эксперттер билдиргендей учурда курьерлердин жана таксисттердин өзгөчө жетишсиздиги байкалып жатат.

«Азыр Орусия өкмөтү кайрадан жумушчуларды аралыктан иштөөгө жөнөтүп жатат, ошого байланыштуу интернет-дүкөндөрдө буюртмалардын саны өсүүдө. Бирок курьерлердин саны көбөйгөн жок. Ал эми Орусиянын алыскы аймактарынан келген жарандар Москвада жеткизип берүүчү сыяктуу кызматтарда иштөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Анткени алардын жашай турган жери жана социалдык байланыштары жок. Демек, логистикалык кызматтар алдыда дагы кыйналышат», — дейт Захаров.

Ал белгилегендей, Москванын эмгек базарында таксисттер үчүн айыгышкан күрөш жүрүп жатат. Айрыкча такси кызматтары КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттарды өзүнө тартууга кызыкдар болууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM