Биз менен байланышыңыз

Курманкул Зулушев: Башкы прокурор кызматына оозеки сунуш алдым

Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 477 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Башкы прокурор кызматына сунушталып жатат. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында маалым болду. Зулушев өзү бул боюнча журналисттерге комментарий берип, башпрокурорлукка барууга оозеки түрдө сунуш алганын айтты.

21-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстандын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу чечимин колдоду. Бул маселе бүгүн жалпы жыйында талкууланат.

Депутат Талант Мамытов жыйын алдында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевдин талапкерлиги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тарабынан сунушталганын билдирген.

Буга чейин Башкы прокурор кызматына депутат Талант Мамытов барары айтылып жаткан.

Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты.

Билими – жогорку. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетин юрист адистиги боюнча аяктаган.

Курманкул Зулушев Кыргызстанда коронавирус илдети тамырын жайып турганда, тагыраагы 2020-жылдын апрель айында мамлекеттик башкарууну өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүнү сунуштаган.

1-апрелде Жогорку Кенештин сайтында бул багыттагы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Мындай сунуш коомчулукта чоң нааразылык жараткан.

Эмгек ишмердүүлүгү:

2000-жылы — Нарын районунун прокурорунун стажер-жардамчысы;

2001-жылы — Нарын райондук прокуратурасында тергөөчүнүн стажеру;

2001-2005-жылдары — Кочкор райондук прокуратурасында тергөөчү; Жайыл райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы;

2005-2007-жылдары — Жайыл райондук прокуратурасынын ага тергөөчүсү; Чүй облустук прокуратурасынын бөлүм прокурору; Сокулук райондук прокуратурасынын тергөөчүсү; Кыргыз транспорттук прокуратурасында прокурордун ага жардамчысы;

2007-2013-жылдары — Сокулук райондук сотунун судьясы;

2013-жылы — Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары;

2015-жылы — «Республика-Ата-Журт» фракциясынан Жогорку Кеңештин Vl чакырылышынын депутаты;

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM