Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Өткүрбек Жамшитовду кызматтан алуу сунушун колдоду

Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 334 | 0

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстандын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу чечимин колдоду. Бул маселе бүгүн жалпы жыйында талкууланат.

Депутат Талант Мамытов жыйын алдында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Башкы прокурор кызматына Курманкул Зулушевдин талапкерлиги президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тарабынан сунушталганын билдирген.

Курманкул Зулушев өзү бул боюнча журналисттерге комментарий берип, башпрокурорлукка барууга оозеки түрдө сунуш алганын айтты.

Буга чейин башкы прокурор кызмат ордуна депутат Талант Мамытов барары айтылып жаткан.

Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын 26-апрелинде Кыргызстандын Башкы прокурору болуп дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM