Биз менен байланышыңыз

Лукашенко митингге катышкандарды кармоо ыкмасын өзгөрткөнүн билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 285 | 0

Беларусь президенти Александр Лукашенко нааразычылык акцияларына катышкандарды кармоого байланыштуу ыкма өзгөргөнүн билдирди. Анын айтымында, эми ар бир митингге чыккан жаранды видеобайкоолор боюнча аныктап, жоопкерчиликке тартылат.

«Алардын Минсктин көчөлөрүндө тентип жүргөнү туура эмес. Биз эми кармоо ыкмаларыбызды өзгөртүп, аларды видеобайкоо аркылуу табабыз. Азыркы заманбап технологиялар буга мүмкүнчүлүк берет. Ар бир митингге чыккан жаран өз кылмышы үчүн жооп берет», — деп билдирген Лукашенко.

Ошондой эле Лукашенко бир катар ЖОЖдордун ректорлорун да кызматтан алган. Буга ошол окуу жайлардын студенттеринин нааразычылык акцияларына чыгып кеткени себеп болгон.

Белгилей кетсек, Беларусияда Лукашенконун шайлоодого жеңишине нааразы болгон эл, ар жекшемби күнү Минск көчөлөрүндө анын отставкасын талап кылып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM