Биз менен байланышыңыз

Индонезия адал тамак-аш индустриясында дүйнөдө биринчи болууну көздөп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 318 | 0
Индонезия адал тамак-аш өндүрүү боюнча дүйнөлүк рынокто биринчи болууну максат кылууда. Бул тууралуу Индонезиянын вице-президенти Маъруф Амин билдирди.

Анын айтымында, учурда Индонезия адал тамак-аш менен өзүн-өзү камсыз кылган өлкөлөрдүн бири. Мындан улам, эми бул тармакта дүйнөлүк рынокко чыгуу планы турат. Аминдин маалыматы боюнча, дүйнөдө өндүрүлгөн адал тамак-аштардын 10%ын Индонезиянын калкы колдонуп жатат. Бул жерде 214 млрд доллар акча айланууда.

«Биз башка мусулман өлкөлөрүнө салыштырмалуу адал тамактарды эң көп колдонгон өлкөбүз. Дүйнөлүк рыноктун адал тамак-аш индустриясында 2018-жылы 2,2 трлн доллар акча айланып турган. Эми 2023-жылда бул сумма 3 трлн долларга жетиши күтүлүүдө. Мындан улам биз бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калышыбыз керек«, — деп билдирген Индонезиянын вице-президенти.

Учурда Индонезия адал тамак-аш өндүрүүнү колго алган орто жана чакан ишканаларга берилүүчү «Адал» сертификатынын баасын арзандатууну көздөп жатат.

Белгилей кетсек, Индонезия мусулмандар эң көп жашаган өлкө. Алар адал туризмди уюштуруу жаатында дүйнөдө 4-орунда турат. Мусулман мода индустриясы жагынан 3-орунда жана исламдык негизде каржылоо саясаты боюнча 5-орунда турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM