Биз менен байланышыңыз

Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болду

Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 378 | 0

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болду. Бул тууралуу оставкага кеткен шаар мэри Азиз Суракматов маалымат жыйынында кабарлады.

Нариман Түлеев 20-октябрда Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалган.

Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, Түлеев Алмаз Бакетаевдин ордуна келди. Алмаз Бакетаев турак жай, коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэр болду. Ал эми дагы бир вице-мэр Алимбек Абдылдаев шаар башчысынын кеңешчиси болду.

Нариман Түлеев 2008-жылдан 2010-жылга чейин Бишкек шаарынын мэри болгон. 2010-жылдын октябрынан тарта Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата журт» саясий партиясынан депутат болуп шайланган.

Түлеев Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобус жана таштанды тазалоочу унаа сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган. Ал соттун чечими менен 11 жылга кесилген.

Кийин 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Түлеевдин бир топ мүлкү конфискацияланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM