Биз менен байланышыңыз

Саясатчыларды актоо соту акыйкат өттүбү?

Саясат | 20 Окт 2020 | 162 | 0

Жогорку Сот 16-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди, депутат Талант Мамытовду жана Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовду актаган чечим чыгарган. Арийне, мурда куугунтукталган саясатчылардын иши адилет каралып, күнөөсү жоктордун акталганы жакшы. Бирок, соттук процесс элге ачык-айкын көрсөтүлсө дурус болмок. Маселен, жогорудагы соттук процесстер боюнча алдын ала маалымат берилген эмес. Серепчилердин айтымында, соттук иштердин тымызын өтүшү сотторду кысымга алуудан, алардын саясатчылардын куралына айлангандыгынан улам болушу мүмкүн.  

16-октябрда Жогорку Сотто аталган иштин материалдары каралып, «кылмыштын белгилери табылган жок» деген негизде жогоруда айтылган саясатчыларды актаган чечим чыгарылган. Отурум жумуш убактысы бүткөндөн кийинки кечки убакта болгондуктан процесске эч ким чакырылбай калганын Жогорку Соттун басма сөз катчысы Изати Шүкүралиева маалымдады.

— Жогорку Соттун 16-октябрдагы токтому менен Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун жазык иши боюнча өндүрүштү жаңы ачылган жагдайларга ылайык кайра кароо жөнүндөгү өтүнүчү жана Башкы прокуратуранын корутундусу канааттандырылды. Жогорку Сот 16-октябрдагы токтому менен Бишкек шаардык сотунун 2013-жылдын 17-июнундагы Ташиев, Мамытов, Жапаров, Бекзатбек Исаев, Каныбек Камчыбеков жана Саирбек Кадырбаевди актоо жөнүндөгү Бишкек шаардык сотунун чечими күчүндө калтырды, — деди Шүкүралиева.

Бирок ал кийин маалыматты кайра тактап, соттук процесстин ачык өткөндүгүн, мыйзам боюнча тараптар гана чакыра тургандыгын, эгерде журналисттер кайрылышса, катыштыра турганын айтты.

Мыйзам боюнча өз мезгилинде кандай куугунтуктар болгону, айыптаганга негиз бар беле, жок беле, кайсы жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш кайра каралып жатканы элге ачык-айкын айтылышы керек эле. Каралаган, куугунтукка алган соттор сөзсүз түрдө жазаланышы керек болчу. Бирок кайра эле ошол соттор карап, кайра эле бийликке жакшы көрүнүүнүн аракетин кылууда деген Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова мындан тышкары буларга токтолду:

Бул сот деген качан мамлекеттик бийликтин бир бутагы болот? Өз бийлигине качан ээ болот? Бүгүнкү күнгө чейин ушул суроолор актуалдуу болуп жатат. Бул саясатчылар мыйзамда кандай жазылса, ошондой жол менен болушунча ачык акталса жакшы болмок. Буларды тергеген тергөөчүлөр, соттогон соттор жазаланышы керек. Соттордун бүт эле учурларда саясаттын куралы болгону — терс көрүнүш. Алар да адилетсиз өкүм чыгаргандыктан, өзүнүн жанынан, кызматынан коркуп, кандайдыр бир сүйлөшүүлөргө барып жатышы мүмкүн. «Азыр актап бергиле, силерге тийбейбиз», — деп айтышы да мүмкүн, — деди Сооронкулова.

Ошондой эле ал эч бир далили жок эле жети томдук ишти 10 мүнөттө карап, Мырзакматовду соттоп ийген судья Шералы Камчыбеков азыр Жогорку Сотто отурганын кошумчалады.

Юрист Кайрат Осмоналиев сот процесстеринин дайыма ачык өтүшү керектигин, керек болсо түшүндүрмө берүү шарт экенин, нааразычылык акциясын жаңы жагдай деп айтууга болбой турганын, ар бир иштин так, реалдуу жагдайлары болушу зарылдыгын белгиледи.

— Сот системасын терең анализдеп, 100 % люстрация кылып, жаңыдан сынак өткөрүп, ар бир сотту жаңылаш керек. Жаңы бийлик одоно мыйзам бузган соттордун чечимдерин талдашы керек. Муну аткарууга азыркы бийликтин толук моралдык укугу бар. Соттук иштер бир жылдан үч жылга чейин каралып созулат, кээде соттор бир түндө карап чечим чыгарып коюшат экен, бул — өтө таң калыштуу нерсе. Биринчиден, бул биздин соттордун көз каранды экендигине дагы бир жолу далил болот. Экинчиден, бул бийликке карап, мыйзамга, логикага дал келбеген чечимди кабыл алган сотторду люстрация кылыш керек, — деди Османалиев.

Мындан сырткары ал кысым менен же акча менен эле мурдагыдай чечимдердин чыгып жатканы көп суроолорду жаратарын айтып, коррупция менен байланышы бар деген ойду пайда кыла турганын кошумчалады.

2012-жылы Ташиев, Жапаров жана Мамытовдорго бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча кылмыш иши козголгон. Талант Мамытов менен Камчыбек Ташиевдин соттуулугу жоюлган. Жапаров өлкөдөн чыгып кеткен. Ал 2017-жылы өлкөгө кирерде кармалган. 6-октябрда Бишкектеги башаламандыктар учурунда абактан бошотулган. 16-октябрда аталган иштин материалдары каралып, Бишкек шаардык сотунун 2013-жылдын 17-июнундагы актоо жөнүндөгү чечими күчүндө калтырылды.

Copyright © 2017 Maral FM