Биз менен байланышыңыз

Ирландия: Декабрга чейин катаал карантин киргизилди

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2020 | 231 | 0

Ирландия өкмөтү коронавирустук кырдаал курчуп бараткандыктан, өлкөдө 6 жумалык карантин киргизүүнү чечти. Карантин 21-октябрдан баштап күчүнө кирет. Өлкөдө эпидемиологиялык максималдуу тобокелдик жарыяланды.

Карантиндин алкагында азык-түлүк дүкөндөрүнөн жана дарыканалардан башка бардык дүкөндөр жабык болот, чачтарачтар, сулуулук салондору, фитнес клубдар ишин токтотот.

Коомдук тамактануу жайлары тамак-ашты алып кетүү же үйгө жеткирүү үчүн гана иштейт. Жарандарга үйлөрүнөн 5 км алыстыкта ​​жүрүүгө тыюу салынат.

Бала бакчалар, мектептер жана курулуштар иштей берет.

Өкмөт ошондой эле жарандарды байланышты чектөөгө чакырды.

Карантин мөөнөтү аяктагандан кийин кырдаал бааланып, андан аркы иш-аракеттер жөнүндө чечим кабыл алынат.

Акыркы маалыматтар боюнча, 18-октябрда өлкөдө 1200дөн ашуун жаңы учур катталды. Оорунун жалпы саны 50 миңге жетип, вирус 1852 ирландиялыктын өмүрүн алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM