Биз менен байланышыңыз

Түштүк Осетиянын президенти коронавируска чалдыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2020 | 269 | 0

Түштүк Осетиянын президенти Анатолий Бибиловдун коронавирус оорусуна чалдыкканы аныкталды. Бул маалыматты «РИА Новости» агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Бибилов коронавирустун жеңил түрү менен ооруп жатат. Мындан улам өз ишмердүүлүгүн аралыктан — онлайн режимде улантууда.

Ошол эле учурда аталган өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу Геннадий Бекоев да коронавируска чалдыкан. Бирок анын оорусунун түрү так аныктала элек.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин маалымат катчысы Дина Гассиевадан коронавирус табылганы маалымдалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM