Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бажыдагы коррупциялык фактылар аныкталды

Кыска кабар | 17 Окт 2020 | 7217 | 0

17-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдарынын негизинде Бажы органдарындагы коррупция фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2016-жылдан баштап Мамлекеттик бажы кызматынын системасында төраганын мурунку орун басары Райымбек Матраимов, башка кызматтык адамдар жана ошондой эле сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн көзөмөлдөгү катышуучулар тарабынан бажылык башкарууда көмүскө киреше табуу максатындагы коррупциялык схема жолго коюлган. Анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Учурда сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Бажы кызматынын жогоруда көрсөтүлгөн убактагы ишмердүүлүгүн текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытындагы тиешелүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Ташиев: Матраимовду кармоо боюнча бүгүн тапшырма берем

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 16-октябрда маалымат жыйында, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармап келүү боюнча тапшырма берерин айткан.

Ал азыркы учурда Райымбек Матраимов кайда экенин так билбейт, ошондой эле кылмышы болсо, жазага тартыларына убада берген.

Камчыбек Ташиев 16-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалды.

Кыргызстандан чыгарылган миллиондор: Жапаровдун пикири

Copyright © 2017 Maral FM