Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандан чыгарылган миллиондор: Жапаровдун пикири

Кыска кабар | 17 Окт 2020 | 1924 | 0

«Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарып кетүү боюнча шектелген Матраимовдор жана башка схемалуу коррупцияларды түзүп, элдин ырыскысына кол салган бардык тармактардагы коррупционерлерди катаал жазалар менен жоопко тартабыз».

Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Кыргызстандагы акыркы окуялар тууралуу жасаган кайрылуусунда айтты.

Анын билдирүүсү боюнча, укук коргоо органдарына тийиштүү тапшырмалар берилди. Жакынкы убакта жыйынтык көрүнөт.

«Ошол эле мезгилде коррупция менен күрөшүү – бул: түрмөлөрдү толтуруу эмес, бул: укук коргоо органдарына бардык укуктарды берүү эмес. Коррупция менен күрөшүү – бул: жөнөкөй, түшүнүктүү жана аткарылуучу мыйзамдар, ал баарына бирдей иштейт”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 16-октябрда басма сөз жыйынында Райымбек Матраимовду кармап келүү боюнча тапшырма берерин айткан.

2019-жылдын ноябрь айында «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы Бажы кызматындагы коррупциялык схеманы иликтешкен. Андагы жемкорлуктун натыйжасында Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени, буга Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу мүмкүн экени айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM