Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Матраимовду кармоо боюнча бүгүн тапшырма берем

Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 4332 | 0

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармап келүү боюнча бүгүн тапшырма берем. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди.

Ал азыркы учурда Райымбек Матраимов кайда экенин так билбейт, ошондой эле кылмышы болсо, жазага тартыларына убада берди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Матраимовдордун эч бирине кылмыш иши ачылбаганын айткан.

Камчыбек Ташиев 16-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM