Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Бир мандаттуу парламент азырынча туура эмес экен

Кыска кабар | 16 Окт 2020 | 4183 | 2

Бүгүнкү парламент жыйынында өкмөт башчы Садыр Жапаров парламентке бир мандаттуу шайлоо азырынча туура эмес экенин айтты.

Анын айтымында, азыркы тапта шайлоо босогосун 5%га түшүрүү туура болот. «Бул менин жеке пикирим, парламентке таңуулаган жокмун. Шайлоо күрөөсүн 5 млн сомдон 1 млн сомго түшүрүү, ошондой эле 120 деген санды 90 же 70ке азайтуу туура болот деп эсептейм жана парламентке сунуш катары айтам», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле, ал парламенттик жана президенттик шайлоо өткөндөн кийин гана Конституциялык реформага баруу туура болот деп эсептей турганын кошумчалады.

2 пикир

2 пикир

  1. Жумадил

    16.10.2020 21:20

    Менин жеке оюмча одно мандатныйга сөзсүз өтүш керек контитуцияны өзгөртүүгө референдум өткөрүп өлүм жазасын кийриш керек президенттик башкаруу болушу зарыл себеби экономиканы чыңдаш үчүн антпесе сиздин тегерегиңизде арамзалар көп андан тышкаары 90пайыз жогорку кеңештин депуттары дагы айтпай эле койойун азыр дайындагандардын ичинен чыгат кыскасы душмандарың көп.ошого чыда ишиңе ийгилик ден соолукта болуп тилегениңе тилектешмин.

  2. Сагынбай. Алиев.

    16.10.2020 23:47

    Шайлоолор менен бирге, Конституцияны өзгөртүү гө референдумду кошо кийириши керек!!! Бир мандаттуу шайлоо өтүшү керек. Себеби комерциялык парламенттик коррупциялык мыйзамдын мөөнөтү 2020 менен бүтөт!!! ХХ1-кылымдын 21-жылы жаңы президент, жаңы парламен жаңы мыйзам менен жаңыча иш алып баруусу керек!!!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM