Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот: Шайлоонун жыйынтыгы боюнча даттануулар түшкөн эмес

Кыска кабар | 15 Окт 2020 | 681 | 0

Жогорку Сот 15-октябрга карата биринчи инстанциядагы соттук актыларда шайлоо талаштары боюнча кассациялык даттануулар жок экенин билдирет.

Жогорку Соттун маалымат кызматы «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоону жараксыз деп табуу жөнүндөгү чечиминин үстүнөн даттанганы чындыкка дал келбей турганын кабарлады.

Буга чейин «24.kg» маалымат агенттиги жеке булактарына таянып: «Кыргызстан» партиясы БШКнын парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу жөнүндөгү чечиминин үстүнөн даттанды. Жогорку Сот партиянын арызын жакында карайт», — деп жазган.

6-октябрда Боршайком быйылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Эми 6-ноябрга чейин кайра шайлоо дайындалышы керектиги айтылууда.

Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн жаңы курамы (тизме)

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына 16 партия ат салышты. Алар: «Биримдик», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Мекеним Кыргызстан», «Реформа», «Ата-Мекен», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Афган согушунун ардагерлери», «Ордо», «Бир Бол», «Республика», «Кыргызстан» жана «Чоң Казат» партиялары.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгында 4 партия — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өттү. Калган 12 партия бул шайлоо өтө ыплас жана мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышты.

Буга байланыштуу нааразылык акциясы Бишкекте 5-октябрда башталып, кечинде күч түзүмдөрү менен демонстранттардын кагылуушусу орун алып, аягында акциячылар Ак үйдү басып алышты. Бул кагылышуулар учурунда 19 жаштагы бала каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM