Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов менен Жапыкеевге аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2020 | 9211 | 2

Экс-депутат, саясатчы Алмамбет Шыкмаматовго аскердик прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу саясатчы «Марал» радиосундагы түз эфир учурунда айтты.

«Мага жана Сыймык Жапыкеевге аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Демек бул буйруктун артында президент турат. Ушинтип отуруп, президенттин түбүнө тегерегиндегилер жетип келген. 6-октябрдагы окуяны булар элдин шайлоого болгон нааразычылыгы эмес, басып алуу деп эсептеп, дагы эле өздөрүнүн күнөөлөрүн сезе элек экен. Ал окуяларга шайлоо маалында мыйзамдуулукту сактабагандыгы үчүн түздөн түз прокуратура күнөөлүү», — деп билдирди Шыкмаматов.

Ал эми Аскер прокуратурасына бул боюнча байланышып, жооп алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Copyright © 2017 Maral FM