Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Парламенттин VI чакырылышынын мөөнөтү 15-октябрда бүтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Окт 2020 | 2808 | 0

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү эртең, 15-октябрда аягына чыгат. Бул тууралуу экс-депутат, саясатчы Алмамбет Шыкмаматов «Маралга» билдирди.

«Эгер биз мыйзамдуулукту айтып жатсак, анда КР Конституциясынын 70-беренесине ылайык, парламенттин VI чакырылышынын мөөнөтү эртең, 15-октябрда бүтөт. Эл Жогорку Кеңешти туура беш жылдык мөөнөткө шайлайт. Алар бир күн ашыкча да, кем да элдин өкүлү боло албайт. Алардын 15-октябрдан кийинки кабыл ала турган чечимдери жана жыйындары мыйзам чыгаруу бийлигин узурпациялоо болуп саналат. Себеби, 2015-жылы 15-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын расмий тааныган. Мына ошол күндөн баштап, VI чакырылыштын беш жылдык мөөнөтү эсептеле башталган. Андыктан, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылыш келгенге чейинки үзгүлтүксүз иштөө деген түшүнүк бул жерде колдонулбашы керек», — деп эсептейт Шыкмаматов.

Эскерте кетсек, 13-октябрда парламенттин кезексиз жыйыны өтүп, анда Канатбек Исаев жаңы төрага болуп шайланган. Бүгүн да кезексиз жыйында өкмөттүн курамын бекитти.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM