Биз менен байланышыңыз

Депутат Сулайманов менен Керезбеков мушташып кетти (видео)

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 29424 | 2

Бүгүн, 14-октябрда мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өтүп жаткан парламент жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов менен Канат Керезбеков кайым айтышты. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Жыйында депутат Сулайманов «Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» мыйзам долбоорун 1-окууга киргизүүнү өтүнгөн. Ал эми Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков бул маселени четке каккан. Ал буга кворум жоктугун жана өзгөчө кырдаал учурунда конституциялык мыйзамдар каралбай тургандыгын себеп катары көрсөткөн. Натыйжада эки депутат кайым айтышып, өзүнчө бөлмөгө сүйлөшүү үчүн кирип кеткен. Бирок кворум жоктугунан аталган мыйзам долбоору каралбай калды.

Белгилей кетсек, Алтынбек Сулайманов сунуштап жаткан мыйзамда шайлоо босого баллын 3%га түшүрүү, күрөөнү 5 млн сомдон 1 млн сом деп белгилөө каралган. Ошондой эле Сулайманов мамлекеттик кызматта тургандар шайлоого катыша турган болсо, кызматын убактылуу токтотуп туруу деген талапты алып салууну да сунуштаган.

2 пикир

2 пикир

  1. Жаңыгүл

    14.10.2020 15:03

    Атышпайсыңарбы,эркекче

  2. Чокоева Дилбар

    15.10.2020 12:08

    Керезбеков туура. Мыйзамдуулук менен жашоого убакыт жетти, өкүмзордун пикири эле өтө бербей… Алтынбек, профессор Ж.Сааданбеков жакшы макала жазды, «Если не сейчас, то никогда» деген. Мындан ары, билимдүүлөр башкарсын, бизнесмендер эмес деген абдан туура маселени көтөрүптур. Кабардар болуп кой…

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM