Биз менен байланышыңыз

Нарындагы жаңы оорукананын курулушу толук бүткөрүлө элек

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 372 | 0

Нарын шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу толук бүткөрүлө элек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Баатырбеков Нарын облусуна иш сапар менен барганда маалым болду.

Баатырбеков коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны көбөйүп жаткандыктан, оорукананын курулушун тездетүү керектигин айтты.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, жеңил конструкция менен салынган Нарын шаарындагы оорукананын чатыры жабылып, терезелери орнотулду. Учурда электр жабдууларын монтаждоо, суу киргизүү, имаратты жылуулоо жана ичин жасалгалоо иштери жүрүүдө.

Оорукана 70 орундуу болот, анын 20сы реанимация бөлүмүнө ылайыкталып жасалууда. Курулушу иши 55%га аяктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM