Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш кайра кезексиз жыйынга чогулат

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 908 | 0

Парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулунун айтымында, Жогорку Кеңеш бүгүн, 13-октябрда саат 16.00дө кезексиз жыйынга чогулат. Жыйын бул жолу да «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына өтөт.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйын өткөрүшкөн. Анда Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка шайлашкан.

Андан кийин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева 10-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн парламенттин кезексиз жыйынына депутаттар жетиштүү санда чогулбаганын айтып чыкты.

Сессияга Конституцияга ылайык жетиштүү санда депутат чогулбаса, кабыл алынган бардык чечимдер юридикалык жактан мыйзамсыз жана легитимсиз болорун Касымалиева билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM