Connect with us

АРИС 134 ветеринарга 14 млн 268 миң сомдук материалдык колдоо көрсөттү

Кыска кабар | 13 Окт 2020 | 508 | 0

Эл аралык АРИС уюму акыркы эки жылдын аралыгында жеке ветеринар кызматтарын туруктуу жана сапаттуу аткарышын колдоого Жалал-Абад облусу боюнча 67 жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 134 ветеринарга жалпы суммасы 14 млн 268 миң сомдук материалдык колдоо көрсөттү. Бул тууралуу АРИСтин облустук өкүлчүлүгүнүн аймактык координатору Айбек Касымов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө АРИСтин долбоорлору үчүн жалпы 560 млн 483 миң сом акча каражат жумшалса, анын 401 млн 816 миң сому АРИСтен грант катары каржыланган. Жергиликтүү жамааттын салымы 158 млн 667 миң сомду түздү. Бул инвестициялык акча каражаттарын атайын техникаларды сатып алууга, жайыттарды тактоо, жер-жерлерде ветеринардык пункт, көпүрө, мал суу ичүүчү жайлар курулуп, койдун жүнүн кыркуу жана башка кичи долбоорлорго жумшалган.

«Жайыт пайдалануучулардын муктаждыктарына ылайык, атайын техникаларды сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерлердин негизинде МТЗ-82,1 тракторлору, МТЗ-1221.2, бульдозер-тракторлору, комбайн, фронталдык жүктөгүч, самосвал, чөп жыйноочу техника, соко жана башка шаймандары менен 228 даана атайын техника сатылып алынды. Алар айыл өкмөттөрүнүн балансына коюлуп, жайыт комитеттерине келишимдик негизде оперативдүү башкарууга берилди», — дейт А. Касымов.

Белгилей кетсек, АРИСтин «Шаарларды өнүктүрүү» долбоорун каржылоого республика боюнча Кербен, Токтогул, Сүлүктү жана Балыкчы шаарлары кирген. Андан Аксы районунун Кербен шаарына 204 млн сом каражат бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM