Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: Жогорку Кеңештин имаратына кароо жүргүзүлдү

Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 527 | 0
Сүрөт: Бакыт Төрөгелди уулу

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-октябрда башкы прокурордун биринчи орун басары Нурлан Дардановду жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Талантбек Салиевди кабыл алды.

Нурлан Дарданов Бишкектин аймагында орун алган массалык тартипсиздик боюнча кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Ал прокуратура органдары тарабынан бул багытта толук кандуу иштер жүрүп жатканын айтты. 

Мындан тышкары, 11-октябрда Жогорку Кеңештин административдик имаратына кароо жүргүзүлгөнүн жана ал бийлик түзүмдөрүнүн карамагына өткөрүлүп берилгенин билдирди.

УКМКнын биринчи орун басары Талантбек Салиев улуттук коопсуздук органдары тарабынан түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, коомдун тынчтыгын бузууга аракет кылган деструктивдүү топтордун ишине бөгөт коюу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM