Биз менен байланышыңыз

Мелис Мырзакматов президент Жээнбековго кайрылды

Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 943 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, өлкөдө туруктуулукту камсыз кылмайынча, кызматын тапшырбоого чакырды.

Ал Кыргызстанга кайтып келген күндөн баштап, аксакалдар, жарандык бирикмелердин өкүлдөрү сыяктуу ар кандай пикирдеги адамдар менен ондогон жолугушууларды өткөргөнүн айтып, алардын баары өлкөдө болгон башаламандыктарга терең тынчсызданганын билдирди.

«Бардык мекендештерим Кыргызстандын саясий күчтөрүнө кайрылып, жерибиздеги тынчтыкты жана бейпилдикти сактап калуу, кагылышууларды болтурбоону өтүнүшөт. Биз өлкөбүздө мыйзамдуулукту жана тартипти сакташыбыз керек. Ошондуктан, мен дагы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылгым келет: Кыргызстандын көп улуттуу эли сизден мамлекеттин тагдыры, өлкөбүздөгү тынчтык жана тартип үчүн акылмандык жана жоопкерчилик күтөт. Өлкөдө туруктуулук камсыздалмайынча, мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарынан баш тартпашыңыз керек. Бул — бүтүндөй элибиздин талабы», — дейт Мырзакматов.

Мелис Мырзакматов Кыргызстанга Түркиядан 6-октябрда келген. Аны жергиликтүү тургундардын жоон тобу тосуп алган.

Со дня возвращения на Родину каждый день провожу десятки встреч, встретился со всеми старейшинами, представителями всех…

Опубликовано Мырзакматов Мелисбек Воскресенье, 11 октября 2020 г.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM