Биз менен байланышыңыз

Сооронбай Жээнбеков Роза Отунбаева менен жолугушту

Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 1094 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы өлкө башчы Роза Отунбаева менен жолугушту. Бул тууралуу «24.kg» маалымат агенттиги жеке булактарына таянып жазды.

Жолугушууда болгон сүйлөшүүлөр тууралуу кенен маалымат берилген эмес. Анда өлкөдөгү азыркы кырдаал талкууланганы айтылат. Ошондой эле Жээнбеков менен Отунбаева улут аралык консенсуска келүү керек деген пикирин билдиришкен.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгын бир топ партия тааныган эмес. 5-октябрда тынчтык митинги башталып, ал бир канча күнгө созулуп, массалык башаламандыктар менен коштолду.

Андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Митингчилер Ак үйдү басып алышты. Коомдук коопсуздукту элдик кошуун жана милиция көзөмөлдөп турду.

10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын өтүп, саясатчы Садыр Жапаровдун талапкерлиги өкмөт башчылык кызматка бекитилген. Андан кийин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева бул жыйында кворум болбогонун айтып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM