Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жолдош Токмергенов УКМКнын төрагасы болгон жок

Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 629 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитети «азыркы өкмөт башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен полковник Жолдош Токмергенов УКМКнын төрагасы болуп дайындады» деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.

«Мындай маалыматтар чагымчылдар тарабынан таратылып жатат, УКМКнын башчысын президент гана дайындайт», — деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМКнын өздүк курамы штаттык режимде иштөөдө.

9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев кызматынан бошотулган.

Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгына 2019-жылдын 18-июнунда дайындалган эле.

Copyright © 2017 Maral FM