Биз менен байланышыңыз

16-октябрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 290 | 0

Кыргызгидромет борбору 12-октябрдан 16-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

12-16-октябрь күндөрү бул аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

12-16-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

12-октябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

13-16-октябрларда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

12-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

13-16-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

12-октябрда жаан жаашы мүмкүн.

13-16-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

12-16-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM