Биз менен байланышыңыз

Муфтият дин кызматкерлерине Куран хатым кылууну милдеттендирди

Кыска кабар | 12 Окт 2020 | 785 | 0

Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 12-октябрдан тарта бардык дин кызматкерлерине Куран хатым кылууну милдеттендирди.

Коронавирус илдетинин көрсөткүчү кайрадан жогорулай баштагандыктан, элдин амандыгын, өлкөнүн тынчтыгын тилеп, жалпы өлкө боюнча Куран окутулат.

Ар бир окулган Куран хатымды эсепке алуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратовго тапшырылды.

Иш-чарага өлкөдөгү Куран окууну билген бардык жаран катышса болот.

Copyright © 2017 Maral FM