Биз менен байланышыңыз

Бир суткада коронавирустан 3 бейтап каза болду

Кыска кабар | 11 Окт 2020 | 544 | 0

Акыркы бир суткада коронавирустан 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда бир, Ош облусунда 2 адам каза тапты.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 3 миң 295 бейтап дарыланууда.  Алардын ичинен  1 миң 679 адам ооруканаларда дарыланса, үй шартында 1 миң 616 бейтап дарыланып жатат.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 49 миң 230ду түзөт. Алардын ичинен 44 миң 395 киши айыгып чыкса, 1 миң 85 адам каза болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM