Токмок шаарындагы 216 орундуу оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, оорукананы заманбап шартка ылайыктап, кайрадан оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын 28-июлунда башталып, жалпы 45 млн 700 миң сом каражат сарпталган.
Учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен керектүү жабдуулар, эмеректер алынып келинди.