Марал Радиосу

Токмок шаарындагы оорукананы оңдоп-түзөө иштери аяктады

Токмок шаарындагы 216 орундуу оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, оорукананы заманбап шартка ылайыктап, кайрадан оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын 28-июлунда башталып, жалпы 45 млн 700 миң сом каражат сарпталган.

Учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен керектүү жабдуулар, эмеректер алынып келинди.

Exit mobile version